super.kg logo

Энергетика тармагына 41 жаңы атайын техника тапшырылды

 

Энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 41 жаңы атайын техника пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Техникаларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты.

Маалыматка ылайык, заманбап техникалар "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсынын өздүк каражатына 181,6 миллион сомго сатылып алынган.

Жаңы техникалар өлкөнүн бардык аймактарындагы электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлүп берилет. Алардын катарында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, оор жүк ташуучу техникалар, чиркегичтер жана авариялык-бригадалык унаалар бар.

Министрликтин маалыматына караганда, жаңы техникалар электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртып, авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: