Садыр Жапаров ШКУдагы өлкөлөрдүн ички иштер министрлерин кабыл алды
Бүгүн, 5-июнда президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысы жолугушуу маанилүү учурга – “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын астында өтүп жаткан уюмдун 25 жылдык маарекеси жана Кыргызстандын төрагалыгы жылында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.
Ал кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып, мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ШКУнун институционалдык базасын бекемдөө боюнча иш жүзүндөгү кадамдар өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Ал маанилүү чаралардын бири катары ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн базасында курамында Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун камтыган Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборду түзүүнү белгиледи.
Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев президентке Уюмдагы кызматташтык, анын ичинде коопсуздукту бекемдөө маселелерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле өлкө башчысын жана кыргыз элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:15
2026-06-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















