super.kg logo

Ноокатта бала бакчанын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилди

 

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан бала бакчанын имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгынын адистери жүргүзүштү.

Изилдөөнүн негизги максаты - мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эски имаратынын техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо болду. Адистер имараттын долбоордук документтерин талдап чыгып, курулуш конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн тиешелүү өлчөө жана текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында имараттын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аны мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар берилери маалымдалды.

Бул иштер балдардын коопсуздугун камсыздоо жана билим берүү мекемелеринин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: