Президент Европа Биримдигинин өкүлүн кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды.
Өлкө башчынын администрациясы кабарлагандай, жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча талкуу болгон. Мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана Global Gateway демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүнө токтолгон.
Эдуардс Стипрайс ГЭСти куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны Кыргызстан ЕБ менен кызматташтыгынын флагмандык долбоорлорунун бири катары атаган. Ошондой эле ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















