Адилет Орозбеков Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттик кеңешинин жыйынына катышты
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ысык-Көл облусунда өткөн репатрианттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн Регионалдык эксперттик кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик админисьрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык уюмдардын адистери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер чогулду. Иш-чара Кыргызстандын Кеңешке 2026-жылдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулду.
Жыйын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы, БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбору, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү жаңжал аймактарынан 2100дөн ашуун жаранын мекенине кайтарып келишкен. Катышуучулар репатрианттарды коомго ийгиликтүү кайра интеграциялоо, адам укуктарын коргоо, балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана эл аралык укуктун талаптарын сактоо багытындагы кызматташуунун маанисин белгилешти.
Өз сөзүндө Адилет Орозбеков Борбор Азия өлкөлөрү өз жарандарын жаңжал аймактарынан кайтаруу боюнча дүйнөлүк деңгээлде үлгү көрсөтүп жатканын белгиледи.
Жыйындын соңунда тараптар аймактагы туруктуу реинтеграцияны жана социалдык биримдикти чыңдоо үчүн диалогду жана практикалык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















