super.kg logo

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

 

(Башы өткөн сандарда)

Биз эгиз элек, бирок тагдырдын буйругу менен эки башка жакта чоңойдук. Эми 20 жашка чыкканда жолугуп, жүз көрүшүп отурабыз. Менин оюмча, биз биринчи жолу жолуккан күнү бири-бирибизге чоочун болушубуз керек эле. Анткени биз бирге чоңойгон эмеспиз. Бир мектепте окуган жокпуз. Таң калганым, эмнегедир андай болгон жок. Камчыны караган сайын ичимде түшүндүрө алгыс жакындык пайда боло берди. Ал мектепти бүткөндөн кийин Орусияга кетиптир, ал жакта жылдар бою иштеп, эми мени издеп келгендегиси экен. Эмнеге окууга тапшырбаганы кызык болсо да, оор тийип калбасын деп сурабадым. Азыр достору менен Бишкекте турарын айтты. Биринчи күнү учурашып бир аз сүйлөшүп кеткен. Кийинки күндөрү кайра келди, университетте мени күтүп отурчу болду. Курсагымды тойгузат, ары жак, бери жакка алып барат. Бара-бара көнүшүп бара жаттык. Ага сырларымды айтуудан тартынчу эмесмин. Көп жылдардан бери тааныган адамдай сезилчү. Бир күнү экөөбүз адаттагыдай тамактанып отурдук.

– Билесиңби,- дедим. – Сени көргөнгө чейин мен өзүмдү дайыма бир нерсе жетишпеген адамдай сезчүмүн. Эмне жетишпей жатканын билчү эмесмин. Азыр түшүнүп жатам.

Ал жылмайды.

– Мен дагы ошондой болчумун.

– Чын элеби?

– Ооба. Кээде жашоом бүтүн эмес сыяктуу сезилчү. Себебин таба алчу эмесмин.

Экөөбүз бир убакта күлүп жибердик. Кызыгы, сезимибиз да окшош экен.

Бирок ошол эле учурда жүрөгүбүздө өкүнүч да бар эле. Жоголгон жылдар үчүн өкүнүч... Мен анын балалыгын көргөн жокмун. Ал менин алгачкы жеңиштеримди, алгачкы көз жаштарымды билбейт. Мен анын оор күндөрүндө жанында болгон жокмун. Ал да менин жалгыздыгымды бөлүшкөн жок.

– Биз чогуу өскөндө кандай сонун болмок?- дедим.

Камчы башын чайкады.

– Бирок ушуга да шүгүр, кеч болсо да жолуктук.

Ошол сөз жүрөгүмө тийди. Чынында, биз жоготкон жылдарды кайтара албайт элек. Мен түшүндүм, кээ бир адамдар менен жакын болуш үчүн көп убакыттын кереги жок тура. Камчы менин жөн гана эгизим эмес эле. Ал менин жоголгон өтмүшүм, табылган бүгүнкүм жана кайрадан бүтүн болгон жүрөгүмдүн бир бөлүгү болуп калган эле. Кечке паркта жүрдүк. Ойнодук, көп нерсени сүйлөштүк. Балалыгыбызды, өткөн күндөрдү, бири-бирибизсиз өткөн жылдарды эстедик. Бир маалда жүрөгүмдө көптөн бери катылып жаткан суроону айтып алдым.

– Атабыз кандай адам?- дедим акырын.

Ал бир азга унчукпай калды. Көздөрү алысты тиктеди.

– Атамбы?

– Сага оор болсо, айтпай эле кой. Билбейм, мен аны дээрлик эстебейм. Эсимде анын үнү гана калгандай. Кээде аны сагынам, бирок кандай адам болгонун толук элестете албайм. Элестете албаган адамды кантип сагынса болот, аны да кээде түшүнбөйм.

Камчы оор үшкүрдү.

– Атам катуу адам, кээде түшүнүксүз. Такыр сезимдерин билдиргиси келбейт, ичинде бир чоң дүйнөнү көтөрүп тургандай. Өмүр бою дыйканчылык менен алек болду, бирок акылы академиктикиндей эле иштейт. Айылдын жашоочулары андан акыл сурап келе беришет. Үй салуу боюнча, түшүм эсептөө боюнча кеңешчи. Бирок ошол акылын өз жашоосун жакшыртуу үчүн колдонбогонуна таң калам. Сыртынан катуу, ичинен аябай мээримдүү жан. Сезимин көрсөтсө алсыз болуп калчудай коркот. Менимче, апам менен ошол үчүн деле ажырашып кеткен окшойт. Негизи атамды түшүнүү үчүн аябай акылдуу жана сезимтал болуу керек. Бир жолу мен ооруп калдым. Өгөй апам башка балдары менен алек эле. Атам түнү менен уктабай жанымда отурду. Бирок эртең менен эч нерсе болбогондой “тур, сабакка бар” деди. Менимче, түнү менен жанымда отурганын мени байкаган жок деп ойлоду окшойт. Сыртынан катуу болуп көрүнгүсү келе берет. Бир жолу мектептен мушташып келгем. Эми атам урушат, сабайт деп ойлогом. Үйгө барсам, баарын укту да, унчукпай башымдан сылап койду. Кыскасы, кайсы жерде эмне кыларын билбейсиң. Ушундай башкача киши...

Көзүмө жаш тегеренди.

– Ал мени эстечү беле?

Камчы дароо жооп бере алган жок. Бир топко ойлонуп турду да, мени карады.

– Унуткан адам эстейт, ал киши сени эч качан унуткан жок. Ар дайым эсинде болчусуң.

Менин жүрөгүм жарылып кете жаздады.

– Чынбы?

– Ооба. Сен тууралуу көп айтчу эмес. Бирок ар бир туулган күнүбүз болгондо маанайы өзгөрүп кетчү. Бир кубанып, бир туталанып эшикке чыгып кетер эле. Аркасынан аңдып барып, сарайда сенин сүрөтүңдү карап отурганын көрчүмүн. Төш чөнтөгүнө ар дайым сенин сүрөтүңдү салып алчу. Көйнөгүн жууганга берерде унутпай алып, жаңы көйнөгүнүкүнө салчу. Трактор айдайбы, талаада жүрөбү, дайым сенин сүрөтүң аны менен болчу. Сенден башка үч баласы барбыз, эч кимибиздин сүрөтүбүздү антип чөнтөгүнө салып алып жүргөн жок.

– Анда эмнеге мени алып кеткен жок? Эмнеге ушунча жылда бир жолу кабарымды алган жок?- дедим агып бара жаткан көз жашыма ээ боло албай.

Камчы башын жерге салды.

– Бул суроого менде так жооп жок, Тамчы. Балким, чоңдордун жаңылыштыгы болгон чыгар. Балким, турмуш аргасыз кылгандыр. Бирок бир нерсени так билем. Ал сени аябай жакшы көрдү. Сен анын жалгыз кызысың. А биз, үч эркек сенин көлөкөңчө да боло албадык, жанында жүргөнүбүз менен...

Ыйлап жаттым. Кубанычтан ыйлаган башкача экен. Мен өмүр бою ушул сөздү күтүп жүргөнүмдү ошондо түшүндүм. “Атаң сени жакшы көрөт”. Кандай гана көркөм сөз эле бул. Кээде адамга бүтүндөй өмүрүндөгү жарасын айыктыруу үчүн ушул эле бир сүйлөм жетет экен. Бир сүйлөм. Мен асманды карадым. “Кеч болуп калбады бекен, ата?” деп ичимден шыбырадым. Ал эми жанымда отурган Камчы үн катпай ийиниме колун койду. Экөөбүздүн ортобузда эми сөз эмес, бир туугандык жылуулук сүйлөп турган эле. Менин жүрөгүмдө болсо бир гана ой айланып жатты.

“Аны көргүм келет...” Бул аябай кызыктай сезим болчу. Толкунданткан, алдастаткан. Жылдар бою көрбөгөн атамды көргүм келди. Бир жолу болсо да жүзүнө карагым келди. Үнүн уккум келди. Эмне үчүн бөлүнүп калганыбызды өз оозунан сурагым келди. Бирок бул сөздөрдү айтууга батынбадым. Камчы мени карап койду.

– Эмнени ойлонуп кеттиң?

– Эч нерсе...

Бирок үнүм мени сатып койду. Камчы акырын жылмайды.

– Сен атамды көргүң келип жатат, туурабы?

Мен дароо жооп бере алган жокмун. Жерди тиктедим.

– Билбейм...

– Билесиң.

– Эгер ал мени көргүсү келбесечи?

– Тамчы...

– Эгер ушунча жылдан кийин барсам, мени бөтөн адамдай кабыл алсачы?

Камчы башын чайкады. Мен оор үшкүрдүм.

– Бирок анын жашоосунда мен жок болуп жашап келбедимби. Керек болсом келет эле да. Издейт эле...

– Ал жанында сен жок жашады, бирок сенсиз жашаган жок. Анын акылында, сезиминде сен бар элең.

Ушул сөз мени дагы да ойго салды. Мен чындап эле атама баргым келип жатканын түшүндүм. Бирок көп жылдык таарыныч, коркуу жана белгисиздик ошол каалоонун жолун тосуп турган эле. Эгер барсам эмне болот? Эгер көзүмө карап тааныбасачы? Кеч болуп калсачы?

– Кээ бир жолдордон корксоң да өтүшүң керек. Болбосо өмүр бою “эмне болмок?” деген суроо менен жашап каласың. Мен деле сени издегенден, тапкандан корктум. Бирок жеңдим, азыр сенин жаныңдамын.

– Сен кайра кетпейсиңби? Бишкекте калайын дейсиңби?


Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: