Грузиядагы өзгөчө жүргүнчү: Автобуста бейкапар уктаган ит көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Грузияда автобустун эки орундугун ээлеп алып, таттуу уйкуда жаткан иттин видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
Видеодон көрүнгөндөй, жүргүнчүлөрдүн эч кимиси мындай “коңшуга” каршы болгон эмес. Тескерисинче, көпчүлүк анын жайбаракат уктап жатканына жылмайып карашкан.
Видеонун астындагы комментарийлерде колдонуучулар ар кайсы жерлерде эс алып жаткан башка иттердин сүрөттөрү менен видеолорун бөлүшө башташкан. Маалым болгондой, Грузияда жолбун иттерди аэропорттордо, автобустарда, сейил бактарда жана көчөдөгү отургучтарда уктап жаткан учурда көп кездештирүүгө болот.
Соцтармак колдонуучулары жаныбарлардын өздөрүн эркин жана коопсуз сезишин адамдардын жакшы мамилеси жана кароосуз калган иттерге көрүлгөн камкордук менен байланыштырышууда.
Грузиядагы ит
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















