super.kg logo

Песков: “Киев тынчтык орнотуу процессин жайлатууга аракет кылууда”

 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Крымдагы жүргүнчү ташыган поездге жасалган чабуул абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин татаалдаштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Киевдин мындай аракеттери Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө өтүүнү кыйла оорлотот.

Биз тынчтык жолу менен жөнгө салууга ачык бойдон калуудабыз. Бирок Киев режими бул процессти жайлатуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын байкап жатасыздар”,- деген Песков.

Буга чейин Москва-Симферополь багытындагы поездге дрон менен чабуул жасалган. Анын кесепетинен машинист жаракат алып, жардамчысы каза болгон. Ал эми жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.

Окуядан кийин Крым аймагындагы бардык поезддердин жүргүнчүлөрү коопсуздук максатында эвакуацияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: