Иран Израилге каршы соккуларын токтотконун жарыялады
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук “Хатам аль-Анбия” аскердик штабы Израилге каршы жүргүзүлгөн операция токтотулганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Тегеран Израил тараптан жаңы агрессия улана турган болсо, айрыкча Ливандын түштүгүндө аскердик аракеттер күчөсө, андан да катуу жана кубаттуу жооп кайтарыларын эскертти.
Билдирүүдө Израилге жасалган соккулар “сабак берүүчү аракет” катары бааланганы айтылган.
7-июнь күнү кечинде Иран Израилдин түндүк аймагына бир нече ракета учурган. Аба чабуулу тууралуу коңгуроолор бир катар шаарларда, анын ичинде Хайфа шаарында да жаңырган.
Чабуул Израил армиясынын Бейрут шаарынын чет жакасына жасаган соккусунан кийин Иран жооп кайтарарын билдиргенден бир нече саат өткөн соң болгон.
Кийинчерээк Израилдин Коргоо армиясы Ирандын борбордук жана батыш аймактарындагы аскердик объекттерге сокку урганын маалымдаган. Буга жооп катары Иран Израил аймагын кайрадан аткылоону уланткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















