Эреже бузган айдоочуларга жаза күчөтүлдү
Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга жаза күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эми мас абалында унаа башкарып соттолгондор үй камагына чыгарылбайт. Мас абалында унаа башкарган адамдын мурда да укук бузуп жазага тартылганы аныкталса, анда ал 10-15 миң сомго чейин айыпка жыгылат же бир жылга камалат.
Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган жаран унаа башкарып кармалса, ага 20 миң сом айып пул салынат. Бир жылда автоээнбаштыкты кайталап жасаган киши 6 айга күбөлүгүнөн ажыратылып, 20 миң сом айып пул төлөйт. Жасалма номур тагып алууну жыл ичинде кайталап жасаган айдоочу бир жылга күбөлүгүнөн ажыратылып, 20 миң сом айыпка жыгылат. Жол кырсыгынын катышуучусу болгон айдоочу ал жерди таштап кеткен учурда 6 айга күбөлүгүнөн ажыратылат жана 20 миң сом төлөөгө милдеттендирилет.
Эми ички иштер органдары мас айдоочуга жана жасалма номур тагууну кайталагандарга соттун чечими жок эле жаза чегере алышат. Ошондой эле мас абалында адамдын ден соолугуна зыян келтирген жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши айыпталуучу менен жабырлануучу тарап элдешкен күндө дагы кыскартылбашы мүмкүн.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















