Өлкөдөгү ооруканаларга медициналык калдыктарды коопсуз ташуучу унаалар берилди
Бүгүн, 9-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларга медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн 10 даана адистештирилген унаалар тапшырылды.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, унаалар Дүйнөлүк банктын "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу долбоору - кошумча каржылоо" программасынын алкагында гранттык каражаттардын эсебинен сатып алынды.
"FOTON үлгүсүндөгү унаалар медициналык калдыктарды ташуу үчүн гана арналган жана санитардык, ошондой эле биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет. Унаалар герметикалык кузов, муздаткыч жабдуу, гидравликалык көтөргүч, контейнерлерди коопсуз бекитүү системи, "Медициналык калдыктар" деген атайын белги жана биологиялык коркунучту көрсөткөн белгилер менен жабдылган. Мындан тышкары, ички дезинфекциялоо системи менен жабдылган, бул медициналык калдыктарды ташуу учурунда санитардык коопсуздуктун кошумча деңгээлин камсыз кылат",- деп белгиленди маалыматта.
Унааларды тапшыруу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана өлкөнүн аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















