Ысык-Көлдүн жээгинде Marriott брендинин мейманканасы курулат
Бишкекте RAMS Global жана Marriott International компанияларынын ортосунда Ысык-Көлдүн жээгинде Marriott Hotel куруу боюнча кызматташтык келишимине кол коюлду. Долбоор Rams Exclusive Villas & Resort туристтик комплексинин курамында ишке ашырылат.



Расмий аземге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, инвесторлор жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Тараптар жаңы долбоор өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги меймандостук кызматтарын сунуштоого багытталганын белгилешти.
Долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Marriott брендинин мейманканасы курулат. Инициаторлордун айтымында, бул демилге аймактын туристтик потенциалын арттырып, чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
RAMS Global компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Эрдал Сейхан долбоор Ысык-Көлдү эл аралык туристтик рынокто таанытууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, жаңы объект аймактын инфраструктурасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.



Ал эми Marriott International компаниясынын вице-президенти Иван Кисеев Marriott брендинин Кыргызстан рыногуна келиши компания үчүн маанилүү кадам экенин айтып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов да сөз сүйлөп, мындай эл аралык долбоорлор өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем эки өлкөнүн ортосундагы бизнес кызматташтык жылдан-жылга бекемделип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Түркияда чоң тажрыйба жана капитал болсо, Кыргызстанда инвестиция салууга ылайыктуу мүмкүнчүлүктөр бар. Элчи мындай ири долбоорлор эки өлкөнүн экономикалык байланышын чыңдап, кызматташтыктын жаңы багыттарын ачарына ишеним билдирди.
Адистердин баамында, дүйнөлүк мейманкана тармактарынын Кыргызстан рыногуна келиши өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырып, туристтик сектордун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле мындай долбоорлор Ысык-Көлдүн эл аралык туристтик багыт катары позициясын бекемдөөгө жардам берет.



Белгилей кетсек, Marriott дүйнөдөгү эң ири мейманкана тармактарынын бири болуп саналат. Компаниянын бренди астында дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө миңдеген мейманканалар иш алып барат. Эми алардын катарына Ысык-Көлдүн жээгинде курула турган жаңы объект да кошулганы турат.



Маалымат үчүн: Белгилей кетсек, Marriott брендинин тарыхы 1927-жылдан башталат. Компанияны америкалык ишкер Жон Уиллард Марриотт негиздеген. Бүгүнкү күндө Marriott International дүйнөдөгү эң ири мейманкана тармактарынын бири болуп эсептелет. Компаниянын тармагына дүйнө жүзү боюнча дээрлик 10 миңге жакын мейманкана кирип, алар 140тан ашуун өлкөдө жана аймактарда иш алып барат.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















