super.kg logo

Ошто мыйзамсыз курулуштагы сапатсыз дубалдар буздурулду

 

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык объектте аныкталган мыйзам бузуулардан улам сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш нормалары жана эрежелери сакталбаганы, ошондой эле шайкештик сертификаты жок курулуш материалдары колдонулганы аныкталган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн «Кунь-Лунь» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, 200 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле курулуш талаптарын бузуу менен салынган дубалдар буздурулуп, объект боюнча мыйзамсыз сатуу иштери токтотулду. Адистер курулуш субъекттерин мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: