super.kg logo
  Саясат  

Туризм, аба каттамы, кызматташуу... Касымалиев БАЭнин делегациясын кабыл алды

 

Бүгүн, 9-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм, аба каттамдары жана соода чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн Бириккен Араб Эмирликтеринин делегациясын кабыл алды.

Президенттик администрациядан билдиргендей, Касымалиев делегация өкүлдөрүнө жана "Air Arabia" авиакомпаниясынын жетекчилигине март айында Кыргызстандын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү, аба каттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүгө макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: