Бишкекте үй шартында даярдалган тамактан алты адам ууланды
Бишкектеги Дене тарбия департаментинин алты кызматкери жумуш учурунда бешбармак менен чучуктан ууланып калышты. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, тамак үй шартында даярдалып келип, аны түшкү тыныгуу учурунда жешкен. Натыйжада алты адамдын ден соолугу начарлап, алардын экөө ооруканага жаткырылган. Калган төрт кызматкер үйдө дарыланууга жиберилди.
Дарыгерлер жарандарды күндүн ысыгында тамак-ашты сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2026-06-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















