super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кочкордогу сапатсыз мектепте окуучулар эсин жоготуп жыгылганын айтты

 

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынкүл Мурзакимова Кочкордун Төлөк айылындагы мектептин сапатсыз курулганын айтты.

Эл өкүлү анын дарегине мугалимдер менен айыл башчы кайрылганын белгиледи. Мурзакимованын айтымыныда, мектеп 2007-жылы жеңил конструкция менен салынган. Курулуш учурунда сапатсыз материалдар колдонулган.

"Кышкысын мектеп суук болсо, күн жылыганда ысык болот экен. Ысыганда сапатсыз материалдардан зыяндуу заттар чыгып, балдар эсин жоготуп жыгылган учурлар катталыптыр",- деди ал.

Депутат айым кайрылгандар 400 орундуу мектеп салып берүүнү өтүнүшкөнүн кошумчалады.






Депутат Кочкордогу сапатсыз мектепте окуучулар эсин жоготуп жыгылганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: