Депутат тоолуу аймактардагылардын айлык акысы түшүрүлүп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков тоолуу аймактардын айлык акы боюнча коэффициенти төмөндөтүлүп жатканын айтты.
Эл өкүлү бул өз кезегинде тоолуу аймактарда жашагандардын айлык акысына кошумча төлөм катары төлөнө турган кенемтенин суммасына таасир берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай иш 1997-жылкы токтомду иретке келтирүү максатында жаңы кабыл алынган токтомдун негизинде жүргүзүлүп жатат.
"Тоолуу аймактардын 90 пайызы өздөрүнүн коэффициенттеринен ылдыйлатылып жатыптыр. Эми ошол жактагылардын маянасы кыскарып жатат. 1997-жылдан бери Ат-Башы же Нарын району Бишкекке жакындап кеткен жок да. Же тоолуу болбой, андан ылдыйлап кеткен жок да",- деди Самаков.
Депутат тоолуу аймактардагылардын айлык акысы түшүрүлүп жатканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















