Фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жатып каза болгон Жибектин окуясы парламентте көтөрүлдү (видео)
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева Ала-Бука районунда фостердик үй-бүлөдө жашап жатып асынып каза болгон Жибек аттуу кыздын иши боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлүнө маркумдун Чаткалдагы эжеси кайрылып, сиңдиси Жибектин денелеринде зордук-зомбулуктун белгилери болгондугун билдирген. Абдибаева жооптуу органдардан түшүндүрмө сурап, Ала-Бука районунун ички иштер башкармалыгы кызды өзүнө кол салды деген бүтүмгө келгенин белгиледи.
"Маркумдун сөөгүн өлүкканадан алып кеткен учурда анын денесинде зомбулуктун белгилери байкалган. Тактап айтканда, кулагы сыйрылып, башы жарылган, денесинин ар кайсы жерлеринде көгала тактар болгон. Бул фактылар телефонго тартылып, далил катары милиция кызматкерлерине тапшырылган. Жибектин эжеси Айчүрөк Кочкорбай кызы сиңдисинин өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтып, тергөөнүн жыйынтыгына нааразы. Ошондой эле ал укук коргоо органдары бул ишке жетиштүү көңүл бурбай жатканын белгиледи",-деп билдирди депутат.
Фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жатып каза болгон Жибектин окуясы парламентте көтөрүлдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















