super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Баатыр эне" наамын алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Райимберди Дүйшенбиев парламенттин 10-июндагы жыйынында "Баатыр эне" наамын алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Айтымында, учурда аталган наамды алуу үчүн 11 түрдүү документ керектелет.

"Бул талап көп балалуу энелер үчүн бюрократиялык тоскоолдук жаратууда. Айрым жарандарыбыз ар кандай себептерден улам документтерди чогулта албагандыктан наамдарды ала албай келет.

Талап кылынган документтердин санын кыскартып, мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу процессин санарип негизде жүргүзүп, бул наамды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү керек",- деди депутат.






Депутат «Баатыр эне» наамын алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү суранды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: