Вице-спикер Кытайдан атчан келген кыргыз кыздарын кабыл алды
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Кытайдан аргымак менен келишкен этникалык кыргыздар Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызын кабыл алды.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ, 9-июнда болгон жолугушууда вице-спикер эки кыздын каармандыгына жогору баасын берген.
"Сиздердин бул сапарыңыздар маданий-тарыхый байланыштарды гана чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, кыргыз-кытай достугун да бекемдөөгө чоң салым кошууда. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган эки мамлекеттин алакасын ушундай жакшы саамалыктар менен улантып, калыптанган достук мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек",- деген ал кыздарга Жогорку Кеңештин атынан спикердин Ыраазычылык каттарын жана белектерин ыйгарган.
Эске салсак, Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунан жолго атчан чыгышып, 25-майда "Торугарт" көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өлкөгө киришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















