super.kg logo

ЖЫЛНААМА: 2008-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгон

 

Бүгүн, 10-июнда кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюренберг шаарындагы ооруканаларынын биринде пневмония оорусунан 80 жаш курагында дүйнө салган.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Апасы Нагима Айтматова теги боюнча татар. Ал жергиликтүү театрда актриса, билимдүү, эл оозуна алынган акылдуу аялдардан болгон.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жылдары Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жылдары Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жылдары "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жылдары Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жылдары "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

ЮНЕСКОнун берген маалыматында Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары 127 мамлекетте 165 тилде 80 миллион нускада жарыкка чыккан. Ал эми анын чыгармачылыгы жөнүндө дүйнөнүн 47 мамлекетинде 328 китеп, 3740 илимий макала жарык көргөн.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле "Полктун уулу" повестин жана "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыкка чыккан. Айтматов “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” өңдүү роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган тасмалар эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына, байгелерине татыктуу болгон.

Алган сыйлыктары

Чыңгыз Айтматов 1968-жылы Кыргыз эл жазуучусу, 1979-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Ал эми 1974-жылы КРУИАсынын анык мүчөсү, 1978-жылы Социалдык Эмгек Баатыры, 1963-жылы Лениндик жана 1968, 1977, 1983-жылдары СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. 1983-жылы Парижде Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү, 1987-жылы Стокгольмда Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги, "Ысыккөл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты боло алган. Ошондой эле 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын алган.

Жазуучунун алгачкы жубайы Керез Шамшыбаеванын ортосунда Санжар, Аскар деген уулдары бар. Жубайлар 1980-жылы эки жолго түшүшкөн. Ушул эле жылдын ортосунда Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматовага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин аттуу кызы жана Элдар аттуу уулу бар. Жазуучунун 1984-жылдан тарта жашаган үйү 2014-жылы үй-бүлөлүк демилге менен үй-музей болуп ачылган.

Айтматов атасынын кайда көмүлгөнүн көп жыл издеп жүрүп, аны 1990-жылдары гана тапкан. Ал өзү каза болгондо атасынын жанына коюуну керээз кылган. Анын бул керээзи аткарылып, атасы Төрөкул Айтматовдун жанына, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жерге берилген.

10-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: