Баткенден "Биримдик кербени" жолго чыкты
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Биримдик кербени" Баткен облусунан жолго чыкты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынан маалымдашкандай, долбоордун катышуучулары Суу-Башы булагынан суу алып, өлкө боюнча сапарга старт беришти.
"Биримдик кербенинин" максаты - Кыргызстандын бардык аймактарындагы ыйык булактардан суу чогултуп, аны биримдиктин, достуктун жана ынтымактын символуна айлантуу",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган коомдук бирикменин жетекчиси Нурсултан Аденов ар бир дубандан шайланган өкүлдөр ошол аймактагы суудан көөкөргө куюп алып, Бишкекти көздөй кербенге чыгышарын айткан. Ар бир аймактан келген суу ачылыш аземде бир көөкөргө куюлат. Жабылыш аземинде кийинки өткөрө турган өлкөгө тапшырыларын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















