Тээке айылында 100 орундуу бала бакча курулуп жатат
Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылында жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала бакча Мамаев көчөсү №75-б дарегинде жайгашып, учурда имараттын экинчи кабаты тургузулууда. Курулуш аянтында 30дан ашык жумушчу эмгектенип жатат.
Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана балдар үчүн заманбап, коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган. Жаңы мекемеде тайпалык бөлмөлөр, оюн аянтчалары жана чарбалык жайлар каралган.
Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, объект бардык заманбап талаптарга жооп берген билим берүү мекемеси катары курулуп жатат.
Жаңы бала бакчанын пайдаланууга берилиши Тээке айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты азайтууга жардам берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















