Ошто таланттуу жаштар сыйланды
Ош шаарында жаштардын жетишкендиктерин даңазалоого арналган сыйлоо аземи өтүп, республикалык жана шаардык деңгээлдеги сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанатта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулган “Этно бий” республикалык сынагында баш байгени жеңген “Арууке” бий ансамбли жана Бишкек шаарында өткөн “Жаштар ЭКСПО” көргөзмөсүндө кубок уткан Enactus OshSU командасы өзгөчө белгиленди.
Жеңүүчүлөрдү Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев куттукташты. Алар “Арууке” бий ансамблине 300 миң сом, ал эми ОшМУнун Enactus командасына 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырышты.
Мындан тышкары шаардык маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалык тарабынан уюштурулган “Жалындуу жаштар” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан жаштар баалуу белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара жаштардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана коомдук жетишкендиктерин колдоого, алардын демилгелерин өнүктүрүүгө багытталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















