Бишкекте Andru Donalds менен өзгөчө концерт өтөт
Бишкекте 12-июнда Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында дүйнөгө белгилүү Enigma тобунун алтын үнү Andru Donalds жана “Манас” президенттик камералык оркестринин биргелешкен концерти өтөт.
Маалыматка ылайык, кечеде көрүүчүлөрдү дүйнөлүк хиттер, жандуу аткаруу, симфониялык коштоо жана өзгөчө музыкалык атмосфера күтөт. Бул концерт Борбор Азия боюнча гастролдук турдун жыйынтыктоочу бөлүгү болмокчу.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, билеттердин саны чектелүү. Концерт саат 19:30да башталат. Билеттердин баасы 3000 сомдон жогору жана Ticketon.kg, kassir.kg сайттарында жеткиликтүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2026-06-06
18:14
2026-06-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















