super.kg logo

Министрлик кызматтан алынган Таалайбек Ибраев үн катты

 
Энергетика министри кызматынан бошотулган Таалайбек Ибраев керектүү учурда көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Кечээ мен үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду. Энергетика министрлигиндеги көп жылдык эмгек жолумдун жыйынтыгын чыгарып, ардактуу эс алууга чыктым...
Энергетика тармагында иштеген жылдарымда жаш адистердин өсүп-жетилишине өзгөчө көңүл буруп келдим. Бүгүн алардын көпчүлүгү жооптуу кызматтарды аркалап, тармактын келечегин түзүп жатышат. Өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды бөлүшүү мен үчүн кызматтык милдет эле эмес, адамдык парз болду. Себеби күчтүү тармак күчтүү адистер менен гана өнүгөт.
Өткөн жылдарда күнү-түнү дебей иштеп, ар бир күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык. Ар бир курулган объект, жаңыланган көмөк чордон, оңдолгон электр тармагы жана башталган долбоор өлкөбүздүн келечегине салынган инвестиция болуп эсептелет. Мен мамлекетибиздин энергетика тармагында кызмат өтөгөн жылдарымды чоң сыймык менен эстейм.
Бүгүн тармакта күчтүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү команда калыптанды. Башталган реформалар, ири долбоорлор жана стратегиялык демилгелер мындан ары да ийгиликтүү уланарына терең ишенем. Өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган жакшы демилгелерди ар дайым колдоого, көп жылдык тажрыйбам менен бөлүшүүгө жана керектүү учурда көмөк көрсөтүүгө даярмын",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: