“Манас” университетинин 1100 орундуу жатаканасынын курулушу токтотулду
Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын Жал кичи району №30 даректе жайгашкан объектинин мыйзамсыз курулуп башталганы аныкталды. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, объектте тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жаткан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталды.
Натыйжада курулуш иштерин жүргузүп жаткан компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулганы маалыматта белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:47
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















