super.kg logo

Ак-Сууда өзүн өрттөп каза болгон аял: Маркумдун балдары тууралуу маалымат айтылды

 
Акыйкатчы институту Ак-Суу районунда ушул жылдын февраль айында өзүн өрттөп каза болгон аялдын балдары тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, маркум 4 баласын жалгыз тарбиялап келген. Учурда 3 баласы атасынын камкордугуна өткөрүлүп берилген. Ал эми кенже кызы экинчи никеден төрөлгөндүктөн, ал да өз атасы менен жашайт. Балдарга ай сайын 3300 сомдон жөлөк пул төлөнүүдө.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ак-Суу районунда өспүрүм кыздын кош бойлуу болуп калгандыгына байланыштуу апасы кызы менен бирге милиция бөлүмүнө суракка чакырылат. 40 жаштагы аял райондук ички иштер бөлүмүнүн астындагы унаа токтотуучу жайда өзүн өрттөп, алган жаракатынан каза болгон.
Аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүүдө кемчиликтерге жана кызматтык тартипти бузууга жол берген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлгөн.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маркумдун төрт баласынын абалын жана алардын укуктарынын камсыздалышын көзөмөлдөөнү улантууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: