super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: "Гимнди өзгөртөм дегендер азыр жок" (видео)

 

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынына мамлекеттик жаңы гимнди тандоо комиссиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору киргизилди.

Талкууда депутат Дастан Бекешев аталган токтомду четке кагууну сунуштады.

"Азыркы гимн жакшы эле. Мына, комиссиянын ишин канча жолу узарттык, бирок бир дагы андан жакшы гимн табылган жок. Биз буга жөн эле убакыт коротуп жатабыз. "Мамлекеттик гимнди өзгөртөм" деген кишилер дагы азыр жок",- деди ал.

Бекешевдин пикирин Элвира Сурабалдиева да колдоого алып: "Парламент саясий чечим кабыл алып, силерди убара кылбай, элди түшүнбөстүккө кептебей муну жокко чыгаралы. Силерде да жумуш толтура. "Бир жарым жыл ичинде булар бир гимнди жаза алышпаган кандай немелер?" деп сөз кылдырбайлы. Эл "ушунча көп маселелер турса, гимнди өзгөртүүгө убакыт коротушпай эле коюшса болмок" деп ойлойт да",- деди.

Бирок айрым эл өкүлдөрү мыйзамга ылайык, токтом долбоорун четке кагуу болбой каларын, ал үчүн буга каршы токтом иштеп чыгыш керектигин белгилешти. Жыйынтыгында токтом долбоору күн тартибинен алынды.

Айта кетсек, гимнди өзгөртүү демилгесин парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөргөн.






Дастан Бекешев: "Гимнди өзгөртөм дегендер азыр жок"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: