super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 8 медаль алышты

 

Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районунда 1-7-июнь күндөрү математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.

Ага 16 өлкөдөн (Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Иран) 219 окуучу катышты. Кыргызстандын намысын математика боюнча 12 жана информатика боюнча 12 окуучу коргоду.

Информатика боюнча 8 окуучу медалга (3 күмүш, 3 коло) ээ болду:

  • Эмирхан Сыдыкбаев, 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – алтын медаль.
  • Бектен Абдувалиев, 8-класс, International School of Kyrgyzstan – алтын медаль.
  • Азирет Исраилов, 9-класс, Intellect Pro School – күмүш медаль.
  • Арлан Саят, 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль.
  • Ариет Акимов, 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль.
  • Таалим Турумбеков, 7-класс, "Акылман" президенттик лицейи – коло медаль.
  • Акылбек Байдолетов, 8-класс, №70 мектеби – коло медаль.
  • Айдай Жармаматова, 8-класс, Intellect Pro School – коло медаль.

Математика боюнча 5 окуучу (1 күмүш, 4 коло) медалга ээ болду:

  • Нурмухаммед Жаратов, 8-класс, "Маариф" билим берүү комплекси – күмүш медаль.
  • Артём Яголковский, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – коло медаль.
  • Бекжан Камчыбеков, 8-класс, №61 АФММЛ ОК – коло медаль.
  • Алихан Ахунбаев, 8-класс, "Акылман" президенттик лицейи – коло медаль.
  • Баязет Абдигапаров, 8-класс, "Акылман" президенттик лицейи – коло медаль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: