super.kg logo

Арслан Койчиев 16 томдук “Кыргыз тарыхы” долбоору боюнча жыйын өткөрдү

 

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектеген жыйында «Кыргыз тарыхы» аттуу 16 томдук академиялык эмгекти даярдоо иши талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын негизги темасы катары көп томдуктун алгачкы жети томунун түзүмү жана мазмуну каралды. Окумуштуулар кыргыз элинин тарыхын мезгилдерге бөлүү, тарыхый булактарды кеңири пайдалануу жана томдордун ортосундагы логикалык байланышты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Катышуучулар заманбап тарыхый изилдөө ыкмалары, археологиялык, этнографиялык жана жазма булактарды комплекстүү колдонуу боюнча сунуштарын беришти. Бул сунуштар эмгектин кийинки редакциясында эске алынмакчы.

Арслан Койчиев бул долбоорду өлкө үчүн маанилүү мамлекеттик жана илимий милдет деп атап, көп томдук кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын объективдүү чагылдырган фундаменталдуу эмгек болушу керектигин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында алгачкы жети томду өркүндөтүү боюнча сунуштар кабыл алынып, 16 томдук «Кыргыз тарыхы» долбоорунун мындан аркы иш багыттары аныкталды. Долбоор улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө жана тарыхый мурастарды сактоого багытталган ири демилге катары бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: