super.kg logo

Ошто жайгашкан институттун Түштүк башкармалыгы жаңы кеңсеге көчөт

 

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы жакын арада жаңы административдик имаратка көчөт.

Аталган мекемеден билдиришкендей, институттун директору Канат Канболотов Ош шаарындагы башкармалыкка иш сапары менен барып, кызматкерлер менен жумушчу жыйын өткөрдү. Жолугушууда мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар талкууланды.

Ошондой эле директор жаңы кеңсеге көчүү боюнча даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышып, капиталдык оңдоодон өтүп жаткан имаратты жеринен көрүп чыкты. Ал курулуш жана оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда жаңы кеңсе кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү максатында капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, долбоор ишке ашкандан кийин институттун түштүк аймактардагы ишмердүүлүгү күчөтүлүп, инженердик изилдөө жана долбоорлоо кызматтарынын сапаты дагы жогорулайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: