Кыргызстан менен Грузия кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты
Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Грузиянын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мака Бочоришвили жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле Бишкекте өткөн кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда грузин тарап Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде кыргыз тарап Грузияны 2027-жылы өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана бардык деңгээлдерде активдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















