Манас-Ордо улуттук комплекси 30 жылдан кийин алгачкы ирет ири реконструкциядан өтүүдө
Таластагы Манас-Ордо улуттук комплексинде реконструкция иштери уланууда. 11-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен объекттеги курулуштун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоордун аткарылышы, курулуштун учурдагы абалы жана иш графигинин сакталышы каралды. Министр айрым иштер белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканын айтып, жооптуу тараптарга курулуш темпин күчөтүү жана сапатты көзөмөлдөө боюнча тапшырма берди.
Долбоордун алкагында комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, ашканалар, салтанат өткөрүүчү жайлар, соода жана эс алуу галереясы, ошондой эле 3500 орундуу маданий иш-чаралар борбору курулат.
Белгилей кетсек, Манас-Ордо улуттук комплекси акыркы 30 жыл ичинде алгачкы жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















