Караколдогу зоопаркта ак кууну таш менен чаап өлтүрүшкөнү айтылды
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы зоопаркка баргандар ак кууну таш менен чаап өлтүрүштү. Бул тууралуу "Бугу эне" фонду кабарлады.
Фонд мындан улам зоопаркка келгендерге кайрылып, сактай турган эрежелер бар экенин белгиледи.
"Кирүү акысын төлөп эле каалаган нерселерди жасай берүү туура эмес. Тосмолордон ашып өтүүгө, канаттууларга таш ыргытууга, жырткычтарга таяк менен тийишүүгө, өсүмдүктөрдү сындырууга болбойт",- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2026-06-12
20:32
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















