Садыр Жапаров Ынтымак-Ордодо Грузиянын өкмөт башчысын тосуп алды
Бүгүн, 12-июнда Ынтымак-Ордодо президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу өтүп жатат.
Ардактуу коноктуу администрация имаратынан өлкө башчысы тосуп алды. Ынтымак-Ордонун флагштокторуна Кыргызстандын жана Грузиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди. Тараптар бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Андан соң Садыр Жапаров менен Кобахидзе өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. Тараптар сүйлөшүү үчүн жыйындар залына кирип кетишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2026-06-11
13:49
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















