Барскоон - Бедел унаа жолундагы 2 тоннелди казуу иштери жүрүүдө
Барскоон - Бедел унаа жолунда "Сөөк" жана "Ашуу-Суу" тоннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле көпүрө конструкциялары үчүн свай кагуу иштери аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, курулуш иштеринин жүрүшүндө Карасай дарыясы аркылуу узундугу 60 метр болгон убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
"Долбоордун алкагында унаа жолун куруу, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель жана башка коргоочу инфраструктуралык курулуштарды салуу каралган. Объектте 1100дөн ашык жумушчу эмгектенип, жакынкы мезгилде алардын саны 1500-2500 адамга чейин көбөйтүлөт. Негизги курулуш иштерин 2029-жылы аяктоо, ал эми объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2026-06-12
20:32
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















