Кыргызстан-Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду
Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзенин Ынтымак-Ордогу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Документтердин тизмеси:
Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзенин Биргелешкен билдирүүсү;
Кыргызстан жана Грузиянын авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандуму;
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Мамлекеттик мүлк агенттигинин ортосунда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму;
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Грузиянын Улуттук азык-түлүк агенттигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандуму;
Грузиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2027-2028-жылдарга кызматташуу программасы;
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Грузиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министрлигинин ортосунда радиациялык коргоо, ядролук коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумум.
Агартуу министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар министрлигинин ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосунда Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алдын ала алмашууну уюштуруу тууралуу макулдашуу;
Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлигинин ортосунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму;
Юстиция министрлиги менен Грузиянын Юстиция министрлигинин ортосунда укуктук чөйрөдөгү кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















