super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысы Кулубаев Кыргызстан-Грузия сүйлөшүүлөрүнүн негизин атады

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 12-июнда Ынтымак-Ордодо өткөн Кыргызстан - Грузия расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Айтымында, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү максатын көздөйт.

"Сүйлөшүүлөрдүн максаты - эки мамлекеттин ортосунда соода-сатыкты өнүктүрүү, кеңейтүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу. Грузиянын Кара Деңизге чыгуу үчүн ири порттору бар. Соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан Кавказ, Кара Деңиз аркылуу Европа мамлекеттерине чыкканга абдан кызыктарбыз.

Грузия тарап дагы бизде азыркы кезде курулуп жаткан темир жолго кызыгып жатат. Анткени темир жол курулуп бүткөн соң кавказ мамлекеттери, анын ичинде Грузия дагы биз аркылуу Кытайга чыкканга чоң мүмкүнчүлүк алат",- деди ТИМ башчысы.

Министр тараптардын маанилүү сүйлөшүүлөрү - транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, Кулубаев Кобахедзенин расмий сапары учурунда эки өлкөнүн маданий, спорт, айыл чарба тармагында жана экологияны сактоо боюнча сүйлөшүүлөрү орун алганын кошумчалады.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе 11-июнда Бишкекке расмий сапар менен келген. Бүгүн премьер-министр Ынтымак-Ордодо президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.






ТИМ башчысы Грузия кызматташтыгы боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: