Шаарды кыймылдатууга жардамдашкандар үчүн үй-бүлөлүк майрам: Яндекс Кыргызстандан Family Day
Жылуу атмосфера, балдардын күлкүсү, спорттук таймаштар жана чыгармачыл мастер-класстар – ушундай жандуу жана үй-бүлөнүн курчоосунда «Яндекс Кыргызстан» сервисинин өнөктөштөрү – айдоочулар, курьерлер, алардын жакындары жана компаниянын кызматкерлери үчүн Family day уюштурулду.
Ишемби күнү түштөн кийин, Бишкектеги өнөктөш футбол клубу «Дордойдун» стадионуна, жүздөгөн коноктор келишип, биргеликте убакыт өткөрүп, баарлашып, мазмундуу программага катышуу үчүн чогулушту.
Мелдеш башталар алдында футболчулар Сүйүнтбек Мамыралиев менен Тамирлан Джамалутдинов чоңдорго жана балдарга спорттук маанай тартуулоо үчүн көнүгүүлөрдү жасатышты. Жаш катышуучуларга футбол боулингинде, биатлондо жана эстафетадан өз күчүн сынап көрүү сунушталды.
Эң кичинекей конокторго өзгөчө көңүл бурулду. Алар үчүн көбүктүү шоу, гиганттык боёк аянтчасы, түстүү мунараларды куруу үчүн жумшак кубиктери бар оюн аянтчасы жана жандуу аквагрим даярдалды.
Үй-бүлөлүк гербди түзүү боюнча чыгармачыл мастер-класс абдан кызыгуу жаратты, анда ата-энелер жана балдар үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салтты чагылдырган символдорду ойлоп табышты. Ошондой эле майрам даамдуу тамак-аш менен толукталды.
Уюштуруучулар Family Dayдин негизги максаттарынын бири - спортту жана дени сак жашоо образын жайылтуу, жандуу баарлашуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн мейкиндик түзүү экенин белгилешти.
«Биз үчүн өнөктөштөрүбүз – айдоочу жана курьерлер - жумушта гана эмес, күнүмдүк жашоосунда да камкордукту, колдоону сезиши маанилүү. Бүгүн бул жерде балалуу үй-бүлөлөр чогулушту, биз чогуу убакыт өткөрүп, алардын жылмаюусун жана чыныгы эмоцияларын көрүп, кубанып жатабыз. Бардык активдүүлүк жана спорттук оюндар спортко болгон сүйүүнү ойготууга жана үй-бүлөлүк баалуулукту бекемдөөгө багытталган. Биз өнөктөштөрүбүз жана алардын жакындары бактылуу, дени сак болушун жана мүмкүн болушунча көбүрөөк позитивдүү эмоцияларды сезишин каалайбыз» - деп белгиледи, «Яндекс Кыргызстандын» башкы директору Тилек Сулайманов.
Коноктор мелдештерке ынтызарлык менен катышып, мелдеште бири-бирин колдоп жана таасирлери менен бөлүшүп жатышты.
«Майрам бизге абдан жакты. Балдар үчүн кызыктуу оюндар, сынактар, көңүл ачуулар жана даамдуулар болду. Баары жакшы уюштурулуптур, атмосфера сонун болду. Ушундай иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлүп турса, жакшы болот эле,” – деген ою менен Яндекс Goнун өнөктөш-айдоочусу, Бакыт Кулуев бөлүштү.
Үй-бүлөлүк кеченин финалы күндүзгү фейерверк менен жыйынтыкталды. Катышуучулардын кол чабуулары астында асманга сары жарыктар атылды. Бирок майрамдын эң башкы жыйынтыгы белектер же көңүл ачуу эмес, жакындар менен убакытты чогуу өткөрүү болду. Дал ушундай учурлар элди бириктирип, эстен кеткис таасир калтырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео


























