super.kg logo

Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Токаев менен жолугушту

 
Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандагы расмий сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча ой бөлүштү.
Жолугушууда маданий-гуманитардык алакалар боюнча маселелер көтөрүлүп, төрага Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуш кылды.
Өз кезегинде Токаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый окуя болгонун айтып, өлкөнүн экономикасы жогорку темп менен өнүгүп жатканын баса белгилеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо, жана эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшү боюнча пикир алмашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: