Жоокерлер, атчандар, мопед айдагандар... Чолпон-Атада парад болду
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Бирдиктүү коопсуздук кызматынын туристтик сезонго даярдыгы текшерилди.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, аталган кызмат туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого, жарандарды коргоого жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез арада жооп кайтарууга мидеттүү болот.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты. Анда кызматтын өкүлдөрү өкмөт башчынын алдынан саптык кароодон өтүштү.
Бирдиктүү коопсуздук кызматы былтыр март айында түзүлгөн. Анын курамында Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Жаратылыш министрлигинин жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү бар.
Жоокерлер, атчандар, мопед айдагандар... Чолпон-Атада парад болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















