Бишкекте мопед жана скутер айдагандарга талап күчөтүлдү
Бишкек шаарында мопед жана скутерлердин саны көбөйгөн сайын алардын катышуусундагы жол кырсыктары да өсүүдө. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы мыйзамга ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрге чейинки мопед жана скутерлерди башкаруу үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Күбөлүк алуу үчүн жарандар автоунаа мектебинде окуудан өтүп, тиешелүү билим алышы керек.
Мындан тышкары бардык мопед жана скутерлер транспорт каражаты катары каттоодон өткөрүлүп, мамлекеттик номер менен камсыздалат. Ошондой эле алардын ээлери толук жоопкерчилик тартат.
Эгер айдоочу тиешелүү айдоочулук күбөлүксүз же каттоо документтерисиз транспорт каражатын башкарса, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-беренесинин 2.1.1-пунктуна ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, транспорт каражаты айып короого токтотулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















