super.kg logo

Жумуш ордунда ыдык көрсөтүү учурлары катталса каякка кайрылса болот?

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш чөйрөсүндө зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор 31-июлга чейин өткөрүлөт. Аны ишке ашыруу мезгилине жумуш орундарындагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу, аныктоо жана кароо тартибин аныктаган убактылуу нускама бекитилген.

Долбоордун алкагында мамлекеттик эмгек инспекторлору үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлүп, ошондой эле мындай учурларга чара көрүүнүн практикалык механизмдери сыноодон өткөрүлдү.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугуна баа берилип, тиешелүү сунуштар даярдалат.

"Эгерде сиз жумуш ордунда зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө туш болсоңуз, Эмгек министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына төмөнкү телефон аркылуу кайрылыңыз: (0312) 39-16-35", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: