super.kg logo

Болот Ибрагимов ИИМ академиясына барды

 

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов генерал-майор Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө вице-спикер окуу жайдын ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Ал китепкананы, музейди, ашкананы, окуу аудиторияларын, компьютердик класстарды жана практикалык сабактар өткөрүлүүчү атайын кабинеттерди көрүп чыкты.

Ошондой эле конокко жаңыланган телестудия, ок атуучу тир, саптык аянтча, ошондой эле жакында пайдаланууга берилген футбол жана воркаут аянтчалары көрсөтүлдү.

Академиянын башчысы Азамат Ногойбаев окуу жайда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, курсанттардын сапаттуу билим алышы үчүн заманбап технологияларды киргизүү жана окуу шарттарын жакшыртуу боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Болот Ибрагимов академиянын курсанттары өлкөнүн коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыздоодо чоң жоопкерчиликке ээ экенин айтып, алардын кесиптик даярдыгы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле ИИМ академиясын өнүктүрүүгө жана ички иштер органдары үчүн келечектеги адистерди даярдоо системасын өркүндөтүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: