Грузиянын өкмөт башчысы Ысык-Көлдө кыргыз маданияты менен таанышты
Бүгүн, 13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахид президент Садыр Жапаров менен бирге Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Номад" этно-комплексинде өткөн этномаданий программага күбө болду.
Мамлекет башчынын администрациясы кабарлагандай, лидерлерди кыргыз салттарын, аңчылык өнөрүн жана элдин жоокердик мурасын чагылдырган этнографиялык көрсөтмө менен тосуп алышты. Андан соң кыскача концерттик программа тартууланып, төкмө акын коноктор менен саламдашса, манасчы эпостон үзүндү айтты.
Мындан кийин мамлекеттердин лидерлери кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспозициялар жайылган боз үй шаарчасына барышып, комуз жасоо процесси, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, ошондой эле кийиз буюмдарды жасоо, күмүш зер буюмдарын, чопо идиштерди жана темир устачылыкты камтыган салттуу элдик кол өнөрчүлүк менен таанышышты.
Этномаданий программанын соңунда лидерлерге улуттук ат оюндары жана салттуу аңчылык түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар тартууланганы кабарланат. Анын ичинде бүркүт салуу өнөрү, кыз куумай, ат үстүндөгү оюндар, жаа атуу жана каскадёр-чабандестердин парады камтылган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















