Касымалиев Өзбекстанга иш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-17-июнда жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат.
Анда өкмөт башчы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалууда.
"Мындан тышкары форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат", - деп билдирди өкмөттөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















