super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушун баштап берди 

 

Кечээ, 14-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, узундугу болжол менен 6 чакырым болгон темир жол бутагы совет мезгилинде иштеген, бирок кийинчерээк жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгарылган. Жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырым. Аталган темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Мындан тышкары инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар. Аталган долбоор Ысык-Көл жээгинде ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык демилгелерди эске алгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ. Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот”, - деди Садыр Жапаров.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлөт, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: