Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукка каршы чаралар талкууланды
Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Анда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук учурларын кароо боюнча убактылуу нускаманын долбоору менен улуттук изилдөөнүн концепциясы талкууланды.
Маалыматка ылайык, жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Жыйынды алып барган депутат Камила Талиева Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясын ишке ашыруунун маанисине токтолуп, бул документ жарандардын коопсуз жана зомбулуксуз эмгектенүү укугун камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал конвенциянын жоболорун практикалык деңгээлде жүзөгө ашырууда убактылуу нускаманын ролу чоң экенин айтып, эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана коркутуу фактыларын аныктоо боюнча улуттук изилдөөнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да баяндама жасап, сунуш-пикирлерин ортого салышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















