super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

 

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды.

Өлкө башчынын айтымында, Министрлер кабинети калк үчүн 17 пайыз менен облигацияларды жайгаштырды. Аны «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде алса болот.

"Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат.

Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Ошондуктан мен ар бир жараныбызды аталган демилгени колдоп, ага жигердүү катышууга чакырам", - деди өлкө башчысы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: